Улуттук банк валюта рыногунан 13,9 млн доллар сатып алды

Экономика 0

Бишкек, 19-июль /Кабар/. Улуттук банк валюталык рыноктон 13 млн 950 миң АКШ долларын сатып алганы каржылык жөнгө салуучунун сайтында маалымдалган.

19-июлга карата Улуттук банк тарабынан америкалык валютанын курсу 69,23 сом деңгээлинде белгиленген.

Акыркы айда доллар өз позициясын бекемдеп, 1 сомдон ашык кымбаттаган.

Мындан соң сомго карата доллардын курсун кармоо үчүн Улуттук банк 22,1 млн доллар сатып эки интервенция жасаган.

Пикир

Оставить комментарий