• 87
  • 90.44
  • 0.86

Улуттук банк: Валюта рыногундагы абал салыштырмалуу туруктуу

Экономика 0

Бишкек, 27.08.24. /Кабар/. Кыргызстанда валюта рыногундагы абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын Коммуникация жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Аида Карабаева билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери доллардын сомго карата расмий курсу 4,35%га төмөндөдү.

"Өлкөдө колдонулуп жаткан өзгөрүлмө алмашуу курсунун режиминде валюта курсу ички валюта рыногунда чет өлкө валютасына суроо-талаптын жана сунуштун рыноктун калыптанышынын натыйжасында ийкемдүү бойдон калууда. Айрым мезгилдерде алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө максатында Улуттук банк банктар аралык валюта рыногунда валюталык интервенцияларды жүргүзөт", - деди ал.

Карабаева 26-августка карата финансылык жөнгө салуу органы 149,95 млн долларга чет элдик валютаны сатуу боюнча 5 интервенция жана 347 млн долларды сатып алуу боюнча 12 интервенция жүргүзгөнүн билдирди. Жалпы 197,4 млн доллар сатып алынган.

Пикир

Оставить комментарий