• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Улуттук банк: Жакынкы убакытта 10 000 сом номиналындагы банкнот чыгарылбайт

Экономика 0

Бишкек, 15.02.24. /Кабар/. Жакынкы убакытта 10 000 сомдук же башка номиналдагы банкноттор чыгарылбайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Улуттук банктын Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Медина Ашыралиева билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылдагы үлгүнүн жаңы сериясы этаптуу планга ылайык чыгарылат.

“Кийинки этап менен жакын арада 5 миң сом номиналындагы жаңы банкнот жүгүртүүгө киргизилет”, - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 15-февралдан тарта Кыргызстанда 2023-жылдагы үлгү боюнча улуттук валютанын 20, 50 жана 100 сом номиналындагы банкноттор жүгүртүүгө киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий