Улуттук банк жарандарды шылуундардан сак болууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 10.06.24./Кабар/. Кыргызстанда заманбап технологияларды колдонуу менен алдамчылык фактылары көбөйүп жатат. Бул тууралуу Улуттук банкттан билдиришти.

Маалыматка караганда, санариптик индустриянын өнүгүшү финансы-кредит уюмдарынын кардарларын тейлөөдө ыңгайлуулук менен катар шылуундарга туш болуу тобокелдиктерин да жаратууда.

Улуттук банк телефон аркылуу эле эмес, мессенджер аркылуу, ошондой эле жарнамалык сайттар жана социалдык тармактар аркылуу да шылуундарга туш болгон жарандардан арыздарды кабыл алууда. Жарандардын акчасынан пайдалануу үчүн алдамчылар акыркы технологияларды, анын ичинде жасалма интеллектти (үндү бурмалоо), ошондой эле психологиялык ыкмаларды пайдалануу менен барган сайын өзгөчө ыкмаларды колдонуп жатышат.

"Ушуга байланыштуу жарандарга өзүнө сак болууга жана кандай болбосун жеке өзүнө таандык маалыматтарды, картанын номерин, ПИН-кодун, SMS-билдирүү коддорун үчүнчү жактарга бербөөгө чакырабыз!", - деп айтылат маалыматта

Башкы банк шектүү интернет шилтемелерге кирбөөнү, андан да жеке маалыматтарды же картанын реквизиттерин көрсөтпөнү өнү жана мессенджер аркылуу белгисиз номерлерден видео чалууларга да жооп бербөө керектигин эскертет.

Белгиленгендей, шылуундар көбүнчө өзүн Улуттук банктын же коммерциялык банктын кызматкери катары тааныштырып жаткандыгы катталууда. Улуттук банк эч качан жарандардан жеке жана жашыруун маалыматтарды телефон аркылуу сурабай тургандыгын эсиңиздерге салабыз. Мындан тышкары, Улуттук банк жарандарга эсеп ачпайт, жеке адамдарды тейлебейт жана калк менен накталай эсептешүүлөрдү жүргүзбөйт. Бейтааныш адамдар менен телефон аркылуу сүйлөшүүнүн кереги жок жана телефонду дароо өчүрүп салуу керек!

Ушул сыяктуу учурларда маалыматты текшерүү жана тактоо үчүн Улуттук банктын, же коммерциялык банктардын расмий телефондоруна гана кайрылуу зарыл.

Алдамчылардын жалгыз максаты – кандай жол менен болбосун сиздин жеке маалыматтарыңызга кирүү. Өзүңүздөргө сак болуңуздар!

Пикир

Оставить комментарий