• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Улуттук банк жыл аягына чейин санарип валютаны жөнгө салган мыйзам долбоорун иштеп чыгат

Экономика 0

Бишкек, 21.01.20. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы жыл аягына чейин санарип валютаны жөнгө салган мыйзам долбоорун иштеп чыгат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

"Биз санарип валютага инвестиция кылууну сунуш кылбайбыз. Себеби ал рынок туруктуу эмес. Ошондуктан жарандар тиги же бул санарип валютага инвестиция кылууда сак болушу керек", - деди ал.

Ошол эле учурда ал, Кыргызстанда санарип валютада транзакицялар жүргүзүлүп жатканын айтып өттү.

"Рыноктун өнүгүп жатканын көрүп, биз четте тура албайбыз. Биз жумушчу топ түзүп, алар башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнүп жатат. Жыл аягына чейин санарип валютаны жөнгө салган мыйзам долбоорун иштеп чыгабыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий