Улуттук банктын экономика башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Мамбеткул кызы Айнура эсептик чендин 13% деңгээлинде сакталып калуу чечиминин себептери жана өлкөдөгү инфляция жөнүндө айтып берди.
- Эсептик чен 13% деңгээлинде сакталып калды. Мындай чечимди кабыл алуунун себеби эмнеде?
- Ооба, 2023-жылдын 27-февралында Улуттук банк Башкармасы эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алган.
Улуттук банктын эсептик чен өлчөмү жөнүндө чечим инфляцияны болжолдоолорго, Кыргыз Республикасынын экономикасындагы тенденцияларга, ошондой эле тышкы экономикалык чөйрөнүн өнүгүү шарттарын эске алуу менен кабыл алынган.
2023-жылдын башынан бери керектөө баасы 2,8% өскөн (17-февралга карата), жылдык мааниде инфляция 15,9% түздү. Учурдагы инфляция жашылча-жемиштерге баанын сезондук өсүшүн жана көбүнчө тышкы экономикалык шарттардан улам келип чыккан инфляциянын мурда белгиленген факторлорунун кыйыр таасири сакталгандыгын көрсөтүп турат.
Тышкы экономикалык чөйрөдө дагы эле белгисиздик жогорку деңгээлде сакталып турганын белгилеп кетүү керек. Дүйнөдөгү геосаясий кырдаалдын өзгөрүшү өлкөбүздүн экономикасына таасирин тийгизүүдө. Дүйнөлүк азык-түлүк жана чийки зат рынокторунда баалар туруксуз болуп, импорттук инфляцияга таасирин тийгизүү менен жогорку деңгээлде калууда.
Ички факторлорго токтолсок, анда бир катар административдик баалардын (тарифтердин) жогорулашы мурдагыдай эле инфляцияга түрткү берүүчү фактор бойдон калууда.
Мындай шарттарда, ошондой эле инфляциянын орто мөөнөттүү мезгилге болжолун эске алып, Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды.
- Жалпысынан Кыргызстанда инфляциянын тенденциясы кандай динамикада болууда, кеңири айтып берсеңиз?
- Белгилеп өткөндөй эле, өтүп жаткан 2023-жылдын башынан бери инфляция 2,8% түздү (17-февралга карата), жылдык мааниде инфляция 15,9% түздү.
Компоненттер боюнча, жыл башынан бери баалардын өсүшү:
- тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар 3,8%;
- алкоголдук ичимдиктер, тамеки буюмдары - 1,7%;
- азык-түлүктөн башка товарлар - 1,7%;
- кызмат көрсөтүүлөр - 2,1% түздү.
Жалпысынан алганда, Кыргыз Республикасында инфляциянын динамикасы экономиканын калыптанган түзүмүнө жана керектөө куржунуна байланыштуу, негизинен, дүйнөлүк товардык-чийки зат рынокторундагы баанын динамикасы, Кыргыз Республикасында жана региондо соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрдөгү экономикалык кырдаал, ошондой эле тышкы финансы рынокторундагы абал сыяктуу тышкы факторлордун таасирине дуушар болот.
Мындай шарттарда Улуттук банктын жүргүзүп жаткан монетардык саясатынын курсу мурдагыдай эле орто мөөнөттүү келечекте Кыргыз Республикасындагы инфляцияны максаттуу көрсөткүчкө чейин төмөндөтүүгө багытталган.
Кыргыз Республикасында экономикалык жигердүүлүк жогорулап, ички суроо-талап да калыбына келүүдө. 2023-жылдын январында реалдуу ИДӨнүн өсүш арымы 4,8% түздү. Өндүрүштүн кыйла өсүшү өнөр жай, кызмат көрсөтүү жана айыл чарба тармактарында катталган. Ички керектөөнүн өсүшүнө кредиттик жигердүүлүктүн жогорулашы жана реалдуу эмгек акынын көбөйүшү кошумча өбөлгө түзүүчү таасирин тийгизет.
- Өлкөдө инфляциялык басымды азайтуу максатында кандай чаралар кабыл алынды?
- Инфляциялык басымды чектөө максатында Улуттук банк инфляциянын монетардык компонентин ооздуктоого жана тышкы экономикалык факторлордун таасирин төмөндөтүүгө багытталган акча-кредит саясатын жүргүзүүдө.
2022-жылы Улуттук банктын эсептик чен өлчөмү жөнүндө маселе боюнча Башкарманын 9 отуруму, ушул жылдын башынан бери – Башкарманын 2 отуруму өткөрүлдү.
2022-жылы Улуттук банктын эсептик чени 8,00 пайыздан 14,00 пайызга чейин жогорулатылган, бул инфляциянын монетардык факторлорун чектөөгө жана инфляциянын олуттуу өсүшүн кармап турууга мүмкүндүк берди.
2022-жылдын 28-ноябрында орто мөөнөттүү келечекте инфляцияны болжолдоолорду, экономиканын калыбына келтирүү импульсун эске алуу менен эсептик чен 13,00% чейин төмөндөтүлгөн.
Эсептик чендин өзгөрүшү менен бирге Улуттук банк тарабынан белгиленген пайыздык чендин чеги корректировкаланган.
Банк системасындагы үстөк ликвиддүүлүктүн деңгээли ачык рынокто операцияларды жүргүзүү жана коммерциялык банктардын бош ресурстарын Улуттук банктагы “овернайт” депозиттерине жайгаштыруу жолу менен жөнгө салынган.
Улуттук банк валюта курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө жана өлкөнүн финансы рыногуна тийгизген жагымсыз кесепеттерин жана тобокелдиктерин төмөндөтүү боюнча өз убагында көрүлгөн чаралардын эсебинен ички валюта рыногунда туруктуу жагдайды сактап калууга жетишти.
Улуттук банк тарабынан планга ылайык көрүлгөн иш-чаралар улуттук валютада финансылык активдерди тартууну арттыруу менен калктын каражат топтоосун жогорулатууга өбөлгө түздү.
Кабыл алынган монетардык чечимдер сом түрүндөгү депозиттер боюнча чендердин жогорулашына алып келди, бул банк системасында ресурстук базаны көбөйтүүгө, ошондой эле калктын валюта рыногуна бош каражаттарынын орун алышы ыктымал болгон агымын багыттоого шарт түздү, аны менен алмашуу курсуна басымды басаңдатты.
Бүгүнкү күндө финансы секторунда туруктуулук сакталып турат, ал эми банк системасы туруктуу бойдон калууда.
Пикир
Оставить комментарий