• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

Улуттук банктын адиси КРдагы акча которууларды кабыл алуу жана жөнөтүү ыкмалары тууралуу айтып берди

Экономика 0

Бишкек, 15.09.23. /Кабар/. Акча которуулар заманбап коомдун ажырагыс бөлүгү болуп калды. Бүгүн Улуттук банктын төлөм системаларынын методологиясы, талдоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Нурсултан Таалайбеков Кыргызстандагы акча которууларды кабыл алуу жана жөнөтүү ыкмалары, тарифтери тууралуу айтып берет.

Чет өлкөдөн акча каражаттарын алуу жана которуу боюнча кандай ыкмалар бар?

Бүгүнкү күндө акча которуунун бир нече жолу бар экенин билдиребиз:

1. Банк эсебинен банк эсебине которуу;

2. Банк эсебин ачпастан акча которуу системалары аркылуу которуу.

• Банк эсебин ачуу менен:

Жеке жактар банктык эсеп ачуу менен коммерциялык банктар аркылуу акча которууларды жөнөтө/ала алышат. Мисалы, SWIFT банктар аралык финансылык телекоммуникацияларды колдонуу менен же аралыктан тейлөө системасы аркылуу картанын PAN-номери же телефон номери сыяктуу пайдалануу реквизиттерди киргизүү менен коммерциялык банктардын өнөктөштөрү менен P2P акчакоторууларды жүзөгө ашырууга болот.

• Банк эсебин ачуусуз, акча которуу системалары аркылуу, бул мүмкүнчүлүк жеке адамдар үчүн гана:

Бүгүнкү күндө КР Улуттук банкында:

- 15 эл аралык акча которуу системаларынын оператору каттоодон өткөн, мисалы, WesternUnion, MoneyGram, CONTACT, Золотая Корона жана башкалар. Бул системалар аркылуу чет өлкө мамлекеттерине акча которсо болот;

- 18 локалдык акча которуу системаларынын оператору каттоодон өткөн, мисалы Береке, Эко-Перевод, Аманат жана башкалар. Бул системалар аркылуу мамлекеттин аймагына акча которсо болот.

Катталган акча которуу системаларынын кеңири тизмеси менен Улуттук банктын сайтынан таанышууга болот.

— Акча которуу системаларын менен акча которуу үчүн тарифтер канча?

Банк эсебин ачуусуз эл аралык акча которуу системалары аркылуу акча которуу валютасына жараша орточо тарифтер 2% түзөт.

Банк эсебин ачуусуз локалдык акча которуу системалары аркылуу акча которуу валютасына жараша орточо тарифтер 0,2% түзөт.

Акча которуу системасын пайдалануу менен акча каражаттарын алууда жана жөнөтүүдө бардык зарыл шарттарды коммерциялык банктардын кызматкерлеринен тактоо зарыл.

— Кардарлар которууну жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында же кааласа сом менен гана ала алгандыктан, азыр акча которууларды алуу кандай абалда? Жарандарга КМШ өлкөлөрүнөн жана алыскы чет өлкөлөрдөн АКШ доллары жана евро менен акча которууларды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобу?

Ички валюта рыногундагы кырдаал турукташкандыгына, коммерциялык банктардын кассаларында накталай АКШ долларынын жетиштүү камсыз болгондугуна байланыштуу, азыркы учурда Улуттук банк «Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системаcы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомунун айрым ченемдерин убактылуу токтотуу жөнүндө» 2023-жылдын 26-июлундагы № 2023-П-14/45-4-(ПС) токтомун кабыл алды. Токтомго ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынганга чейин төмөнкүлөргө уруксат берилди:

- Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык акча которуу системалары аркылуу акча которууларды жөнөтүүчү жөнөткөн валютада берүүгө;

- Кыргыз Республикасынын аймагынан эл аралык акча которуу системасы аркылуу акча которууну акча которуу жөнөтүлгөн валютада кайтарып алууга/жокко чыгарууга.

Пикир

Оставить комментарий