• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Улуттук банктын эл аралык резерви 4,1 млрд долларга жетти

Экономика 0

Бишкек, 10.09.24. /Кабар/. 21-августка карата Кыргызстандын Улуттук банкынын эл аралык резерви 4,1 млрд долларга жетти. Бул тууралуу Улуттук банкттын төрагасы Мелис Тургунбаев билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери бул көрсөткүч 26%га өскөн.

"Бул резервдер - биздин финансылык колдообуз. Алардын өсүшү экономиканын туруксуздугунун ыктымалдыгын азайтып, улуттук валютанын девальвацияланышын алдын алып, инфляциянын тез өсүшүнө жол бербейт. Алар Кыргызстандын эл аралык аренада өзүнүн финансылык милдеттенмелерин аткара алуусуна кепилдик берет", - дейт Тургунбаев.

Пикир

Оставить комментарий