• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Улуттук банктын төрагасы ЭВФтеги Швейцария добуш берүү жана Дүйнөлүк банк топторунун отурумуна катышты

Экономика 0

Бишкек, 28.10.24. /Кабар/. КР Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев Вашингтон шаарында өткөн ЭВФтеги Швейцария добуш берүү тобунун жана Дүйнөлүк банк тобунун отурумуна катышты.

Банктан билдиришкендей, Жолугушуунун жүрүшүндө дүйнөлүк экономиканы өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери жана глобалдуу инфляциянын тенденциялары, ошондой эле ЭВФ өлкөлөрүнүн Швейцария тобунун алкагында мындан ары да кызматташуу келечеги талкууланды.

Отурумда ЭВФ өлкөлөрүнүн Швейцария тобуна кирген Лихтенштейндин ЭВФтин жаңы 191-мүчөсү катары катышуусу аталган иш-чаранын маанилүү жаңылыгынан болду.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасы 1992-жылдан бери ЭВФтин, ал эми 1993-жылдан бери ЭВФтеги Швейцария добуш берүү тобунун мүчөсү болуп саналат. Швейцария добуш берүү тобуна Азербайжан, Кыргызстан, Польша, Казакстан, Сербия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Швейцария сыяктуу өлкөлөр, ошондой эле 2024-жылдан тартып Лихтенштейн кирди.

Пикир

Оставить комментарий