• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Улуттук госпиталда МРТ жана КТ текшерүүсүнөн күнү-түнү өтүүгө болот – баасы

Ден соолук 0

Бишкек, 14.10.24. /Кабар/. Улуттук госпиталда магниттик-резонанстык томография жана компьютердик томография күнү-түнү бою дем алышсыз иштей баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, тез жардам кызматы аркылуу келген оор абалдагы бейтаптар кезексиз кабыл алынат.

Ошондой эле Улуттук госпиталда ден соолугунун абалы ар кандай бейтаптарды анестезиолог-реаниматологдун коштоосунда жеткирүү кызматы көрсөтүлөт.

Баалары:

- Компьютердик томография - 1400 сом
- Магниттик-резонанстык томография - 2100 сом
- Бейтаптарды шаар ичинде ташуу (Бишкек) - 2400 сом

Колл-борбордун 0558551295, 0709905511, w/a 0709905511, стат. номер: 1295 аркылуу алдын ала катталууга болот.

Пикир

Оставить комментарий