Улуттук госпиталга компьютердик томография орнотулду. Баасы бир кыйла арзан

Коом 0

Бишкек, 30.05.24. /Кабар/. Бүгүн Улуттук госпиталга "Япония өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы" аркылуу берилген жаңы компьютердик томография аппарат орнотулду.

Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Медербек Исмаилов, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидэки катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Медербек Исмаилов жана Года Хидэки жаңы жабдуулардын иштеши менен таанышып, КТ диагностикасы талап кылынган бейтаптарга медициналык кызмат көрсөтүүнүн шарттарына баа беришти.

Жаңы компьютердик томография аппараты Кыргызстандагы медициналык кызматтын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн бир топ жакшыртып, ар кандай оорулардын так жана тез диагностикасын камсыздоого салым кошот.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов КТ диагностикалык кызматынын прейскуранты иштелип чыкканын, бир текшерүүнүн баасы 1400 сомду түзөрүн билдирди. Ал белгилегендей, жаңы томографтын өткөрүү жөндөмдүүлүгү патологиясынын татаалдыгына жана оордугуна жараша күнүнө 40-50гө чейин бейтаптарды тейлөөгө мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий