• 87
  • 90.55
  • 0.84

Улуттук илимдер академиясынын капиталдык оңдоп-түзөө иштерине 500 млн сом бөлүнгөн

Президент 0

Бишкек, 19.12.24. /Кабар/. Улуттук илимдер академиясынын капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө мамлекеттин казынасынан 500 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Улуттук илимдер академиясына барганда билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында, академиянын имаратында 1964-жылдан тартып олуттуу оңдоо иштери болгон эмес.

“Мындай узак жылдардан бери илим очогу болгон Илимдер академиясына тийиштүү көңүл бурулбай, инфратүзүмдүк базасы артта калгандыгы чындап эле кейиштүү жагдай. Мындан улам, быйыл Академиянын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында түп-тамырынан бери капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө мамлекеттин казынасынан 500 млн сом бөлүнүп берилген”, - деди президент.

Садыр Жапаров мындай иштер өлкөнүн илим тармагынын өнүгүүсүн колдоо жана сапаттуу илим чөйрөсүн түзүү багытындагы чечкиндүү кадам болуп саналарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий