• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору алмашты

Кадр саясаты 0

Бишкек, 30.11.21. /Кабар/. Медет Бейшенкулов Улуттук кардиология жана терапия борборунун директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 30-ноябрда, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жаңы жетекчини эмгек жамаатына тааныштырган. Бейшенкулов буга чейин аталган борбордун реанимация бөлүмүн жетектеп турган.

Министрликтин маалымат кызматынан кошумчалашкандай, министрлер кабинетинин 2021-жылдын 29-ноябрындагы буйругуна ылайык, Акпай Сарыбаев Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору кызматынан бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий