• 87
  • 91.29
  • 0.84

Улуттук китепканада эгемендиктин 30 жылдыгына карата сүрөт көргөзмө өтөт

Маданият 0

Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 30-жылдыгын майрамдоонун алкагында 2021-жылдын 25-августунда саат 11:00дө А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада “Менин “Улуу жол” менен жер шарын айланган саякатым. Учкучтун күндөлүгү” аттуу сүрөт көргөзмө өтөт. Бул тууралуу китепкананын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көргөзмөдө учкуч, саякатчы Союзбек Салиев Mooney Ovation бир моторлуу учагы менен жер шарын айланып учканын баяндайт.

Эскерте кетсек, ал өзүнүн саякатын 2016-жылы ишке ашырган. Литвалык штурман Йонас Юкниус менен бирге 46 миң километр аралыкты 62 күн аралыгында учуп өтүшкөн. Алар Африка, Түштүк Америка жана Евразия континенттеринин жана Атлантика, Тынч, Инд океандарынын үстүнөн өткөн. Ал жылы С. Салиев өзүнүн учуусун КР эгемендигинин 25-жылдыгына арнаган.

Эки жылдын соң, 2018-жылы жер шарын айланган учкучтардын кезектеги слетунда ал эл аралык коомчулук тарабынан таанылып, жер шарын айланып учкандардын дүйнөлүк клубуна кабыл алынган.

Союзбек Салиев, Борбор Азия жана түрк тилдүү мамлекеттерин ичин чыккан алгачкы жер шарын бир моторлуу учак менен айланып чыккан учкуч болуп калды.

Дареги: Бишкек ш. Ю.Абдрахманов көч., 208. А. Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасы.

Пикир

Оставить комментарий