Бишкек, 10.07.23./Кабар/. Улуттук кураманын жарым коргоочусу Алимардон Шүкүровдун беларусиялык «Неман» командасы УЕФАнын Конференция дигасында ойнойт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирет.
«Неман» квалификациянын биринчи раундунан баштап, 14 жана 20-июлда «Вадуцага» (Лихтейнштейн) каршы эки беттеш өткөрөт.
Еврокубокто ойногон кыргызстандыктар:
•Эмил Кенжисариев «Актобенин» курамында - Европа Лигасынын тандоо раунду, Чемпиондор Лигасынын тандоо раунду (2007-2014);
•Антон Землянухин «Актобенин» курамында - Европа Лигасынын тандоо раунду (2012/2013);
•Азамат Байматов «Вентспилстин» курамында - Чемпиондор Лигасынын тандоо раунду (2009/2010);
•Клод Мака Кум «Дачия» Европа Лигасынын тандоо раунду (2010/2011);
•Антон Коченков «Локомотивдин» курамында - 1/8 Европа Лигасы (2017/2018), Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычы (2019/2020);
•Гүлжигит Алыкулов «Кайраттын» курамында - Европа Лигасынын тандоо раунду (2020-2022), Чемпиондор Лигасынын тандоо раунду (2021/2022), Конференция Лигасынын тайпалык баскычы (2021/2022), Конференция Лигасынын тандоо раунду (2021-2023).
Пикир
Оставить комментарий