• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Улуттук тарых музейи санитардык тазалоо иштерине байланыштуу 30-ноябрда иштебейт

Коом 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. Улуттук тарых музейи санитардык тазалоо иштерине байланыштуу 30-ноябрда иштебейт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

"Тарых музейи 30-ноябрда көрөрмандар үчүн жабык болот", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, музей 5 жылдык реконструкциялоо иштеринен кийин 19-ноябрда расмий ачылган.

Эскерте кетсек, Тарых музейи 2016-жылдын 25-майында оңдоп-түзөө иштерине жабылган. Оңдоо иштерине мамлекеттик бюджеттен 1,5 млрд сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) тарабынан имараттын сыртын жасалгалоого 15 млн доллар каржыланган.

Кийинчерээк социалдык тармактарда экспозициянын сметасы жарыяланып, анда жыгач аттар үчүн 14 миң евродон жана гардероб үчүн эмерекке 142 миң евро төлөнгөнү айтылган. Буга байланыштуу 2018-жылдын майында Жогорку Кеңештин депутаттары музейде көчмө жыйын өткөргөн.

Бул чуулгандуу окуядан улам Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети иликтөө жүргүзүп, Башкы прокуратура музейдин имаратын оңдоодо жана жабдууларды сатып алууда бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Пикир

Оставить комментарий