• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Владимир Колесников акыркы сапарга узатылды

Коом 0

Бишкек, 11.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 11-майда Улуу Ата Мекендик согуштун жана авиациянын ардагери Владимир Колесников акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Владимир Иванович Колесников үстүбүздөгү жылдын 9-майында 94 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Коштошуу зыйнатына В.И.Колесниковдун жакындары, авиациянын ардагерлери, «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын жана И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун өкүлдөрү, кошуналары, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согушта мекенди коргогон жоокердин элесине таазим кылууну каалагандар келип катышты.

Маалымат үчүн: Авиациянын жана согуштун ардагери Владимир Иванович Колесников 1927-жылы 25-сентябрда туулган. Самарканд шаарындагы учкучтар окуу жайын бүтүрүп, кийин фронтко аттанган.

Пикир

Оставить комментарий