• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Согуш ардагерлери менен ооруктун эмгекчилеринин баа жеткис эмгектерин эскерүү ар бирибиздин милдетибиз - Москва РИИБинин башчысы

Жеңишке 75 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. Улуу жеңиштин 75 жылдык мааракесине карата, согуш талаасында жана орукта эмгектенген ата-энелеринин эмгектерин Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери да эскерет.

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын бири Узбек Шамбетов 1922-жылы Буденовка районунун Жаңы-Турмуш айылында азыркы аталышы боюнча Талас облусунун Талас шаарында туулган. 1941-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, Украина фронтунун 1-бригадасынын 15-мото аткычтар бөлүмүнө түшкөн. Узбек Шамбетов согуш жылдарында Воронеж шаарынан Украина аркылуу Молдова жана Польшанын Варшава шаарына чейин фашисттер менен кармашкан. Согуш мезгилинде ага сержант наамы менен автоматчандар бөлүмүнүн командири болуп, көрсөткөн эрдиктери үчүн “Кызыл жылдыз” ордени жана “Эрдик” медалдары менен сыйланган.

Кандуу согуш аяктагандан кийин Краснодар аскер окуу жайына тапшырып, 1946-жылы үйүнө кайтарылган. Туулган жерине келип айылына, элине-жерине болгон сагынычын таркаткандан кийини, кайрадан жогорку билим алуу максатында Москва шаарындагы КППСтин борбордук комитенин жогорку партиялык окуу жайына тапшырып, окууну аяктаган соң Кыргыз ССРинде мамлекеттик жана партиялык кызматтарды аркалап, талыкпаган эмгегинин аркасында бир нече сыйлыктар менен сыйланып, ардактуу эс алууга чыккан.

Атасынын мыкты тарбиясын алган Шамбетов Уран Узбекович атасынын кыргыз эли үчүн жасаган эмгеги менен сыймыктанып, учурда өзү Чүй облусунун Москва райондук ИИБинин жетекчиси кызматын аркалап, ата жолун жолдоп кыргыз эли үчүн кызмат кылып келет. Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата согуштун жана оруктун катышуучуларынын баа жеткис эмгектерин эскерүү ар бирибиздин милдетибиз экенин билдирет.

Пикир

Оставить комментарий