• 87
  • 90.41
  • 0.84

"Унаа" ишканасы жыл башынан бери 500 миңден ашуун кызмат көрсөткөн

Коом 0

Бишкек, 25.05.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-январынан баштап 30-апрелине чейин Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан автоунааларды каттоо жана айдоочуларга жана унаа ээлерине документтерди берүү жаатында 512 миң кызмат көрсөтүлдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

2020-жылы ушул эле мезгилде 200 миңге азыраак болгон. Бул айырмачылык пандемиянын башталышы жана республикада өткөн жазда өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаалдын киргизилиши менен байланыштуу.

Көрсөтүлгөн кызматтардын жалпы санынын көпчүлүгүн мамлекеттик каттоо белгилерин берүү ээледи. Унаа ээлерине 189,6 миң даана автономер берилген, бирок өткөн жылы ушул мезгилде ал үч эсе аз болгон.

Экинчи орунда автомототранспорттук каражаттарды каттоо турат - 139 миң бирдик, анын ичинен чет өлкөдөн келгендер, республиканын ичинде региону же/жана ээси өзгөрүү менен каттоодон өткөн транспорттор жана чет өлкөгө чыгарылышы же анын жокко чыгарылышына байланыштуу реестрден чыгышын каттоо.

Мамлекеттик каттоо кызматы 2021-жылдын январынан апрелине чейин 114 миң транспорттук каражатты каттоо тууралуу күбөлүк жана 64 миң айдоочулук күбөлүк берген. Ошонун ичинен 98,5%ы улуттук айдоочулук күбөлүктөр, 1%дан азыраак - эл аралык айдоочулук күбөлүктөр, калгандары - трактор-машинист айдоочусунун күбөлүктөрү.

2020-жылы ушул эле 4 айда 8770 айдоочулук күбөлүккө көбүрөөк жана 40 миңге азыраак транспорт каражаттарын каттоо тууралуу күбөлүк берилди.

Пикир

Оставить комментарий