“Унаа” мекемесинин каттоо тутумунда кайрадан мүчүлүштүктөр пайда болду

Коом 0

Бишкек, 27.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 27-мартта "Унаа" мамлекеттик мекемесинин транспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо тутумунда мүчүлүштүктөр пайда болду. Бул тууралуу мекемеинин басма сөз кызматы билдирет.

Мүчүлүштүктөрдүн себептери мекеменин ишмердүүлүгүнөн көз карандысыз жагдайлардан улам келип чыккан.

Азыркы учурда бузулуулардын себептерин жоюу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

"Каттоо бөлүмүнө баруудан мурун 0312 63 31 74 номерине чалып маалымат алууга болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий