• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

“Унаа” мекемесинин кызматкерлери мамлекетке 7,8 млн сом зыян келтиришкен

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. “Унаа” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери мамлекетке 7,8 млн сом зыян келтиришкендиги аныкталды, - деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кыргыз транспорттук прокуратурасы тарабынан КР ИИМдин алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемесинде текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Текшерүүдө аталган мекеменин жооптуу кызматкерлери тарабынан "Sigma Compact 200" үлгүсүндөгү мобилдик асфальт чыгаруучу заводун кошумча нарк салыгы төлөнбөгөндүгүнө жана бажы тарабынан шарттуу чыгарылгандыгына карабастан, мыйзамсыз каттоодон өткөрүлүп, натыйжада мамлекетке 7 млн 803 миң 165,01 сом зыян келтиргендиги аныкталды.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянттык менен пайдалануусу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий