Бишкек, 30.12.24. /Кабар/. Жаңы жылдык майрамдардын алдында Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиги ("Унаа" мекемеси) борборлорунун иш графигин жарыялады.
- 2024-жылдын 31-декабрында бардык облустардагы бөлүмдөр саат 17:00гө чейин кыскартылган тартипте иштешет.
- 2025-жылдын 1-7-январь күндөрү бардык аймактык бөлүмдөр жабык болот.
- 2025-жылдын 8-январынан баштап кадимки режимде иштеп баштайт.
"Жарандарга ыңгайсыздыктар жаралбаш үчүн жогорудагы графиктин негизинде Унаа бөлүмдөрүнө болгон сапарларын алдын-ала пландаштырып алууну сунуштайбыз",-деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий