• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Унаа салыгын жоюу тең салмактуу жана адилеттүү болду

Аналитика 0

Кыргызстанда унаа салыгы жоюлуп, анын ордуна бир литр күйүүчү май үчүн эми бир сомдон төлөмөй чечими кабыл алынды. Мындан чогулган каражат түздөн түз Жол фондунун бюджетине түшөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Бул мыйзам жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жана жалпысынан жол инфраструктурасын жакшыртууга жана республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө багытталган.

Унаа салыгын күйүүчү майга кошумча төлөмгө алмаштырууну Транспорт жана коммуникация министрлиги демилге көтөрүп, сунуштаган.

Ведомствонун маалыматы боюнча, 2025-жылы өлкөнүн Жол фондунун бюджетине 5 млрд сом өлчөмүндө киреше түшүү пландалууда.

Министрлик күйүүчү майга кошумча төлөм сунушун киргизгенге чейин, Жол фонду буга чейин күйүүчү-майлоочу майга болгон акциздик салыктардын, адистештирилген жыйымдардын жана айып пулдардын айрым түрлөрүнөн, ошондой эле республикалык бюджеттен субсидиялардын эсебинен каржыланып келген. Өлкөнүн жолдорун калыбына келтирүү үчүн 10 млрд сом керектелет. Транспорт министрлиги акча чогултуунун жаңы формасы муну ишке ашырууга мүмкүндүк берет деп ишенет. Себеби, бул жаңы ыкманын негизги принциби–ким көп айдаса, ал көбүрөөк төлөйт.

Президенттин жарлыгы менен бирге 2025-жылдын 1-январына чейин транспорт салыгын төлөбөгөн бардык унаа ээлерине мунапыс жарыяланды. Ошондой эле алардын чогулган бардык карыздары кечилди.

Финансы министрлигине караштуу Салык кызматынын жаңы төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бул маселе боюнча төмөндөгүдөй пикирин билдирди.

“Транспорт салыгынын философиясы – салыктан чогултулган каражат жолдорду жакшыртууга жумшалышы керек. Бирок мурда салык жергиликтүү бюджетке түшүп, таптакыр башка максаттарга жумшалып кетчү. Бир литр бензинге же соляркага бир сомдон кошсок, бул акча түз эле Транспорт министрлигинин бюджетине түшөт, демек түз эле Жол фондун колдоого жумшалат. Менин жеке пикиримде, буга чейин төлөнүп келген транспорттук салыгынын кереги жок”,-дейт ал.

Транспорт салыгын жокко чыгаруу менен төлөмдүн жаңы түрүн киргизүү маселесин түшүндүрүп берүү үчүн Кыргызстандын базарлар ассоциациясынын президенти Сергей Пономаревдин пикирин уктук.

Кырдаалды ачык мисалдар менен талдап көрсөк, жарандарга салыктык басым жогорулабайт. Ал эми, инфляция болуп жана экономикага тескери таасир тийгизиши мүмкүн деген ушак-айың кептер өтө апыртылган дейт эксперт.

«Президенттин жарлыгы функционалдык жактан жолдорду куруу жана транспорттук инфраструктураны калыбына келтирүү үчүн фондго жана бюджетке ээ болууга багытталган. Буга чейинки транспорттук салыктын унаалардын чыгарылган жылы жана кыймылдаткычтын көлөмү менен байланыштырган шарттарында олуттуу кемчиликтер болгон. Ал каттоодо турган, анын ичинде техникалык мүчүлүштүктөрдөн жана ар кандай бузулуулардан улам көп жылдардан бери айдалбай жүргөн унаалардан дагы алынышы керек болчу. Албетте, иш жүзүндө айдалбаган, бузулган унаалар үчүн эч ким салык төлөгөн эмес.

Мындан тышкары, 10-15 жыл мурун сатылып кеткен унаалар бүгүнкү күнгө чейин мурдагы ээлерине катталып, салыктары жана айып пулдары төлөнбөй келгени эч кимге жашыруун эмес.

Ошондуктан, эски карыздарды жоюу өз убагында кабыл алынган чечим», - деп белгилейт Сергей Пономарев.

Адистердин айтымында, күйүүчү-майлоочу майдын литрине бир сомдон алуу менен мамлекет бюджеттин айрым көйгөйлөрүн чечүүгө аракет кылып жатат деген пикир жаңылыштык.

Учурда мамлекеттик казынаны толтурууда башка жетиштүү булактар бар. Эгерде жоюлган транспорт салыгы боюнча болжолдуу эсептөөлөрдү алып, аны Жол фондуна күтүлүп жаткан кирешелер менен салыштыра турган болсок, мамлекет 100 миллиондой чыгымга учурайт.

«Күйүүчү май салыгын киргизүү туура кадам. Бул каражат күйүүчү-майлоочу майларды саткан ишканалардан чогултулуп, дароо атайын фондго жөнөтүлөт жана максаттуу пайдаланылат. Ким көбүрөөк айдаса, ошол көбүрөөк төлөйт. Тагыраак айтканда, жолдорду ким активдүү пайдаланса, ошого жараша көбүрөөк салым кошуусу керек. Бул тең салмактуу жана адилеттүү чечим”, - деп кошумчалады Пономарев.

Белгилей кетсек, эксперттердин пикиринде күйүүчү-майлоочу майлардын бир литрине 1 сом төлөмү киргизилгенден кийин товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалар өсөт деген жаңылыштык.

Себеби, буга чейин күйүүчү-майлоочу майлардын жаз-күз мезгилинде баалардын өйдө-ылдый болгону республиканын рыногунда жалпы бааларга терс таасирин тийгизген эмес.

«Менин оюмча, бензин менен дизелдин бир аз кымбатташы азык-түлүк, жашылча, мөмө-жемиш жана башка керектөөчү товарлардын кымбатташына алып келбейт. Бул инфляцияга себеп болушу мүмкүн эмес. Экономика үчүн кандайдыр бир кесепеттери тийип калат дегенге эч кандай негиз жок, анткени биз күйүүчү майдын 3 жана 5 сомго чейин сезондук өзгөрүшүн көрүп эле жүрөбүз. Бул эч кандай терс тенденцияларды пайда кылган эмес», - деди Пономарев.

Айрым маалымат булактарында күйүүчү майга болгон жаңы төлөмдүн экономикалык кесепеттерге дуушар кылуусу мүмкүн деген маалыматтар маселени толук түшүнбөгөндүктүн белгиси. Эксперттердин айтымында, мамлекеттин салык маселелерине кылдаттык менен көнүл буруп жатканы, салыктар ачык-айкын жана адилеттүү болуп жатканы тескерисинче, экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий