• 87
  • 90.41
  • 0.84

Айдоочуларга эскертүү! Унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Кырсык 0

Бишкек, 26.12.23. /Кабар/. 27-декабрдан 30-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Андыктан айдоочулар төмөнкү жолдордо жүрүүдө этият болуусу керек:

Бишкек — Ош унаа жолу:

- 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу;

- 198-255-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;

Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолу:

- 45-115-чакырымдары.

Белгиленгендей, жолдор тайгак болуп, муз тоңот, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

"Жол коопсуздук эрежелерин так сактап, алыскы жолго чыгууда күрөк, дөңгөлөк чынжырын, дары-дармек, ысык суу жана азык алууну унутпаңыз. Кырсык катталганда же унаа жолдорундагы абалды билүү үчүн 112 номерине байланышыңыз", - деп эскертет ӨКМ.

Пикир

Оставить комментарий