• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Унааларды милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым токтомдорго өзгөртүүлөр киргизилди

Өкмөт 0

Бишкек, 11.10.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин токтому менен КР өкмөтүнүн автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Маселен, жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, бул токтом министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинде транспорт каражаттарын кайра каттоодо камсыздандыруу полисинин талап кылынышын жоюу максатында кабыл алынды.

Тагыраак айтканда, сатыкка чыгарылган автотранспорттун камсыздандыруу полисинин мөөнөтү бүтө элек болсо, аны сатып алган автотранспорттун жаңы ээси милдеттүү түрдө камсыздандырбайт.

Тиешелүү токтомго миинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Токтом менен төмөндөгү шилтеме аркылуу толук таанышууга болот:

https://www.gov.kg/ky/npa/s/4597

Пикир

Оставить комментарий