• 84.36
  • 92.94
  • 0.92

Унаанын айнектерин караңгылатуунун баасы арзандап, уруксатты каттоонун тартиби жеңилдетилди

Өкмөт 0

Бишкек, 23.08.24. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин № 281 “Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымдарды төлөөнүн жана уруксатты каттоонун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, өзгөртүүлөргө ылайык транспорт каражатын күңүрттөөгө уруксатты онлайн-каттоо сервиси – Интернет маалыматтык-коммуникациялык тармагы аркылуу транспорт каражаттарынын алдыңкы каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоого байланышкан арыздарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана кароо процесстерин автоматташтыруу үчүн багытталган Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы/“Түндүк” мобилдик тиркемеси же төлөө уюмдарынын башка санарип инструменттери аркылуу ишке ашырылат.

Мындан тышкары транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмүн азайтылды. Ага ылайык жеке жактар 50 миң сом, юридикалык тараптар 70 миң сом, чет өлкөлүк жарандар 90 миң сом төлөп, бир жылга авто унаасынын алдыңкы терезелерин күңүрттөөгө уруксаат ала алышат.

Пикир

Оставить комментарий