Уранды казып алуу жана радиациялык фон. Жалган маалыматтар, мифтер жана чындык

Аналитика 0

Бишкек, 13.06.24. /Кабар/. Парламент уран жана торий кендерин иштетүүгө тыюу салган мыйзамды күчүн жоготту деп таануу боюнча мыйзам долбоорун колдоп берди. Документ депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынды. Чет элдик ЖМКлар тарабынан кубатталган интернетте тарап жаткан каршы пикирлерге карабастан, Жогорку Кеңеште талкуу тынч өтүп, депутаттарга мыйзам долбоору тууралуу иштиктүү, деталдуу түшүндүрмөлөр берилди. Айрым учурларды эске албаганда, дээрлик бардык эл өкүлдөрү маселенин маңызын түшүнүштү. Долбоорду экинчи жана үчүнчү окууда 78 депутаттын 70и колдоп, президенттин кол коюусуна жөнөтүштү.

Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Ал Кыргызстандын жаратылыш байлыктары, анын ичинде сейрек кездешүүчү металлдар элге пайда алып келиши керек экендигин түшүндүрдү. Бул ресурстардын баасы бүткүл дүйнөдө өсүп жатат, ошондуктан, пандемиядан, андан кийин саясий толкундоолордон өткөн экономика үчүн түз маанисинде биздин бутубуздун астында турган жаратылыш ресурстарын максималдуу түрдө пайдалуу колдонушубуз керек. Министрлер кабинетинин башчысы экологиялык көйгөйлөр жана радиоактивдүүлүк коркунучу ойдон чыгарылгандыгын, ал эми азыркы учурда колдо болгон технологиялар сейрек кездешүүчү элементтерди айлана-чөйрөгө эч кандай зыян келтирбестен алууга мүмкүн экенине ишендирди. Анын үстүнө, эгерде Кызыл-Омпол кени жөнүндө айта турган болсок, андагы жер үстүндө урандын майда аралашмасын камтыган титаномагнетит бар. Буларды болгону чогултуп, кайра иштетүүгө жөнөтүү керек.

Акылбек Жапаров айрым маалымат каражаттары уран темасында негизсиз божомолдорду айтып, коомдук пикирге таасир этип, чыңалууну жаратууга аракет кылып жатканына көңүл бурду. Алар бузулган экология жана туристтердин азайышы менен коркутуп жатышканын айтты. «Жөн гана ишке каршы туруу үчүн башка мамлекеттердеги радиостанциялар жалган маалыматты таратып жатышат. Бул өлкөлөр биздин жок болушубузду каалайт. Азыр биздин өнүгүүбүздү эч ким каалабай жатат. Чет жакта жүргөндөр уран казып алып, кирешелүү болуп калышты, кезек бизге келгенде бир нерсе эле болот. Биз пенсияны, жашоо деңгээлин көтөрүшүбүз керек”, - деп баса белгиледи Акылбек Жапаров.

Серепчи Бактыбек Саипбаев сейрек кездешүүчү металл кендерин чалгындоо жана иштетүү боюнча коомчулукка болжолдонгон кооптонуулар ойдон чыгарылганын, алар Кыргызстандын өнүгүүсүн токтотуу максатында таратылып жатканын белгилейт.

“Кыргызстан абдан баалуу металлдардын кендерине бай. Бизде уран гана эмес, Менделеевдин таблицасындагы дээрлик бардык элементтер бар. Ошондуктан биздин өлкө өз укугуна ылайык, жаратылыш байлыктарын өздөштүрүп, аларды өз каалоосуна жараша иштетет. Мунун айлана-чөйрө үчүн өтө кооптуу экендиги тууралуу кептин баары ойдон чыгарылууда. Мындай жагдайды сырткы таасирлердин алдындагы адамдар түзүп жатат.

Албетте, баарын казып алууга болот жана казыш керек, анын үстүнө, бул коркунучтуу эмес. Айтайын дегеним, кендин курамында уран болсо да радиация таратпайт. Аны эч кандай коркунуч туудурбастан эле коопсуз ташууга болот.

Биз эч нерсени байытпайбыз. Бул рудадан титан, темир, торий жана уран концентраттарын чыгарабыз. Мындай иште Кара-Балта тоо-кен комбинатынын олуттуу деңгээлде тажрыйбасы бар. Эми бул экономикалык жактан алганда максатка ылайыктуу жана өлкө үчүн пайдалуу. Анда биз кимди карашыбыз керек?

Бул кендерди мамлекет өз күчү менен иштетет деп ишенем. Эгер керек болсо, адистерди тартып, даярдашыбыз керек, бул үчүн бизде убакыт дагы бар. Ошондуктан биз колдо болгон байлыкты колдонушубуз керек”, - деп сөзүн жыйынтыктады Бактыбек Саипбаев.

Парламентте ЖМКда, анын ичинде Жогорку Кеңеште тараган божомолдорго жана ушак-айыңдарга себеп болгон дагы бир “уулуу иш” ийне-жибине чейин каралды. Кеп Миң-Кушка жакын жердеги эски калдыктарды сактоочу жайды рекультивациялоого тартылган жүк ташуучу унаанын көпүрөдөн оодарылып кеткендиги тууралуу болуп жатат.

Министрлер кабинетинин төрагасы бул окуя боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу депутаттарга түшүндүрмө берди. «Ал герметикалык ташуу болгон. Сууга токсиндер түшкөн деген маалымат чындыкка дал келбейт. Кырсыкка айдоочу күнөөлүү. Анткени ал өйдө чыгып баратып, ылдамдыкты жогорулаткан. Мындай болбойт. Унаада уран эмес, кайра иштетилген таштанды бар болчу. Биз аны коопсуз жайга жеткирдик. Корко турган эч нерсе жок”, - деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы күмөн санап жаткандар болсо, Миң-Кушка барып, экологиялык абал бузулбаганындыгын көрүп келүү керектигин сунуштады. «Мен силерге айтып коёюн, Миң-Кушта радиациянын фонунун деңгээли Жогорку Кеңештегиге караганда төмөн», - деп тамашалады Акылбек Жапаров. Тактоочу суроого ал: «Бул депутаттарга тиешеси жок, бул табигый радиациялык фон», - деп түшүндүрдү.

Жыйынтыктай келсек, Кыргызстандагы пайдалуу кендерди чалгындоо жана иштетүү жалган маалыматтар менен сугарылып отуруп, атайылап “ууландырылган” темага айланды. Бирок бул жаратылыш жана айлана-чөйрөнүн абалына эч кандай таасирин тийгизбейт.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий