• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Урматбек Сматов Ош облустук милициясынын башчысынын орун басары болду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 22.07.24. /Кабар/. Ош облустук ички иштер башкармалыгында кадрдык өзгөрүү болду.

Ведомстводон билдиришкендей, Ош ОИИБнин башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары болуп Урматбек Сматов дайындалды.

Урматбек Сматовду өздүк курамга Ош ОИИБнин башчысынын милдетин аткаруучу Нургазы Увалиев тааныштырып, ишине ийгиликтерди каалады.

Ал эми бул кызматты азыркы учурга чейин аркалап келген Ашим Раимбердиев жаш курагы жеткендигине байланыштуу ардактуу эс алууга чыкты.

Пикир

Оставить комментарий