• 87
  • 91.29
  • 0.84

Ушул жылы CASA-1000 долбоорунун курулушу башталат – Новиков

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.02.21. /Кабар/. CASA-1000 долбоору боюнча курулуш иши ушул жылы башталат. Бул тууралуу парламенттин жыйынында КР премьер-министринин м.а. Артем Новиков билдирди.

Ал бүгүнкү күндө техникалык жана даярдык иштери бүтүп, ресурстар жеткирилгенин кошумчалады.

“Электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмү жана аны жеткирүүнү Энергетика министрлиги менен талкуулайбыз”, - деди ал.

Новиков Digital CASA долбоору тууралуу кеп кылып жатып, маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун курулушу жана линияны тартуу маселеси тургандыгын айтты. Линияны тартуу боюнча өкмөт башчынын м.а. техникалык тапшырмалар туура эмес толтурулган, буга байланыштуу өткөн жумада долбоордун кеңсе жетекчиси кызматтан алынды, азыр дизайны толугу менен алмаштырылып жатат деп билдирди.

“Финансы министрлиги техникалык багыт боюнча Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат”, - деди ал.

А.Новиков эгер долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк системасында ишке ашырыла турган болсо, казынанын ресурсу кайтарымсыз пайдаланылбашы керек, эгерде мамлекеттик казынанын каражаты кайтарымсыз негизде колдонулса, анда аны мамлекеттик операторлор ишке ашырышы керек деп түшүндүрдү.

Пикир

Оставить комментарий