Бишкек, 25.05.21. /Кабар/. 5-июндан тартып Uzbekistan Airways авиакомпаниясы Москвадагы "Домодедово" аэропортунан учууларды уюштура баштайт.
"Мындай чечим биринчи кезекте Uzbekistan Airways каттамдарындагы жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн деңгээлин жогорулатууга жана ыңгайлуулук менен камсыздоого багытталган", – деп айтылат авиакомпаниянын билдирүүсүндө.
Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, 15-июндан тартып "Внуково" аэропортундагы каттамдар токтотулат.
Бирок Uzbekistan Airways компаниясы тараткан билдирүүдө бул жөнүндө айтылган эмес.
Пикир
Оставить комментарий