• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – 2024: Бүгүнкү күндүн программасы

Спорт 0

Бишкек, 09.09.2024 /Кабар/. Бүгүн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында далба ойнотуу, аттын үстүндө жаа атуу, көк бөрү, көк пар (жер улак), тогуз коргоол, чүкө оюну, таяк тартыш, кураш, казак күрөшү жана эр эңиш боюнча мелдештер өтөт.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, бардык мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө, ал эми финалдык беттештер саат 17:00дө башталат.

Эр эңиш боюнча мелдешке Жекшенбек Турдубеков (60 кг), Бактыгул Райхан уулу (70 кг) жана Калыбек Бусурманкул уулу (80 кг) таймашат.

Казак күрөшү боюнча килемге эркектер арасында Кемал Оболбеков (55 кг), Тугөл Канатбек уулу (60 кг), Байбол Саламат уулу (66 кг) жана Чыңгызхан Сагыналиев (74 кг) чыгат. Ал эми кыз-келиндер арасында Луиза Асакеева (48 кг), Айзада Жаналиева (52 кг), Аяна Рыскулова (56 кг) жана Сайкал Талантова (60 кг) килемга чыгат.

Таяк тартыш боюнча мелдештин биринчи күнүндө эркектер арасында Уланбек Турганбаев (65 кг), Бекмурза Токтошоев (70 кг), Элдос Айтбаев (80 кг) жана кыз-келиндер арасында Эльза Абдыкадырова (55 кг) жана Адель Маданбаева (65 кг) катышат.

Жер улак (көк пар) боюнча оюндар да саат 11:00дө башталат:
11:00 Казакстан – Өзбекстан;
12:00 Кытай – Россия;
13:00 Кыргызстан - Монголия;
14:00 Мажарстан – Түркия.

Көк бөрү боюнча оюндар саат 16:00дө башталат:
16:00 Казакстан – АКШ;
17:00 Кыргызстан – Өзбекстан.

Ат үстүндө жаа атуу боюнча оюндар Азия стилинде өтүп, анда Аида Акматова, Тимур Болотов, Нурсултан Мукаев жана Мерген Мирланов күч сынашат.

Далба ойнотуу боюнча оюндарга Кыргызстандын атынан Түгөлбай Абдукадыров, Бакыт Шамуратов жана Курбантай Билалдинов катышат.

Пикир

Оставить комментарий