• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Кыргызстандын курамасынын формасын атамекендик компания тигет

Ден соолук 0

Бишкек, 05.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Казакстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын курама командасынын кие турган формасын атамекендик компания тигет. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, алдыдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандын атынан 268 спортчу катышат. Спортчулар дээрлик бардык мелдештерде күч сынашат.

"Алар спорттун 29 түрү боюнча мелдештерге катышат. Мамлекет тарабынан экипировкага, мейманканага, тамак-ашка каражат бөлүнөт. Биз спорттун ар бир түрүнөн медаль утабыз деп үмүттөнүп жатабыз", - деди Токтоналиев.

Ошондой эле ал Кыргызстандын курамасы улуттук оюндардын ичинен көк-бөрүгө да, көк пар боюнча да мелдешке катышмай болгонун белгиледи.

"Спорттук форма тууралуу айта турган болсок, анын эскизи иштелип чыкты. Форманы "Bigser sport" атамекендик компаниясы тигет. Кийимдер топтому даяр болгондо, фотосессия уюштурулат", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий