• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын жорголору алтын жана коло медалга ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 13.09.24. /Кабар/. Кыргызстандын жорго салыш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 2 медаль жеңди.

Чубак Жайлообек уулу Чиксон аргымагы менен 1-орунду ээледи. Аттын ээси Жаныбек Карыпбеков, саяпкери Чубак Жайлообек уулу. Ал эми Нурэл Иранов Императрица аргымагы менен 3-орунду алды. Аттын ээси Өмүрбек Бабанов, саяпкери Чубак Жайлообек уулу.

Мелдешке 18 чабандес катышып, 9 чакырымга аттар чабылды.

Курама команда машыктыруучулар Мирзат Шүгүралиев, Самаган Бейшеналиев, Уланды Султанбаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Пикир

Оставить комментарий