• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

В.Путин: Кыргызстандын демилгеси менен биз ЖККУ өлкөлөрүнүн тышкы периметрин коргоо боюнча аракеттерди бекемдеп жатабыз

Саясат 0

Бишкек, 13-апрель /Кабар/. “Кыргызстандын демилгеси менен биз Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө-өлкөлөрдүн тышкы периметрин коргоо боюнча өз ара аракеттерди бекемдеп жатабыз”,-деп билдирди Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин.

В.Путиндин айтымында, өткөн жылы тиешелүү чечим кабыл алынган, ал аталган багыт боюнча иштерди күчөтөт. “Биз дайыма бирдиктүү машыгууларды өткөрүп турабыз жана чек ара, атайын кызматтарыбыз жөн жерден эле байланышта болуп турушпайт, алар дайыма өз ара аракеттенишип, маалымат алмашып турушат”,-деди В.Путин.

Россия лидери тиешелүү маалымат банкы түзүлүп жатканын, ал бирдиктүү практикалык иштерде активдүү колдонула турганын белгиледи. “ЖККУ линиясы боюнча жүргүзүлүп жаткандардын бардыгы практикага чыгууга ээ, сөздүн түз маанисинде бул күн сайын бирдикте иштөө”,-деди ал.

“Чек ара жана аскер кызматтарына байланыштуу айта турган болсом, биз кесиптештерибиз менен кызматташып эле тим болбостон, аларга курал-жарак, атайын техника, кадр даярдоодо жардам беребиз”,-деп билдирди В.Путин.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий