• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

В.Путин Президент А.Атамбаевди жана кыргызстандыктарды Улуу Жеӊиштин 72 жылдыгы менен куттуктады

Саясат 0

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана өлкөнүн бардык жарандарын Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеӊиштин 72 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу КР Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Кан майданда каармандыгы жана ооруктагы кажыбас эмгеги менен Мекендин эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргоп калгандардын эстелигин түбөлүк сактайбыз.

Биздин ата-бабалар осуят кылып калтырган бир тууган достук жана өз ара жардамдашуу салттары мындан ары да орус-кыргыз биримдигине жана стратегиялык өнөктөштүгүнө кызмат кылат деп ишенем», - деп белгиленет Владимир Путиндин катында.

Россия Президенти Кыргызстанда жашаган ардагерлерге тереӊ ыраазылыгын билдирип, бекем ден соолук, узак өмүр жана бакубаттык каалады.

Пикир

Оставить комментарий