• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Валентина Шевченко Алекса Грассону жеңип, UFC'нин чемпиондук курун кайтарып алды

Спорт 0


Бишкек, 15.09.24./Кабар/. 14-сентябрдан 15-сентябрга караган түнү АКШнын Лас-Вегас шаарындагы "Сфера" аренасында UFC 306 турнири өттү.

Анда кыргызстандык Валентина Шевченко менен мексикалык Алекса Грассо беттешти.

Таймаш 5 раундга созулуп, Шевченконун жеңиши менен аяктады (50-45, 50-45, 50-45). Муну менен ал UFC чемпиондугунун курун өзүнө кайтарып алды.

Бул эки спортчунун ушуну менен үчүнчү ирет кез келиши.

2023-жылдын март айындагы UFC 285 турниринде Грассо жеңишке жетишкен.

Ал эми сентябрь айында UFC Fight Night 227 турнириндеги реваншта кармаш тең чыгуу менен жыйынтыкталган.

Жалпысынан Шевченконун 23 жеңиши, 4 утулуусу жана бир тең чыгуусу бар.

Ал эми Грассодо — 16 жеңиш, 4 утулуу жана бир тең чыгуу бар.

Пикир

Оставить комментарий