• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Валентина Шевченко: Башка салмакта чемпиондук курду алуу планда бар

Спорт 0

Бишкек, 08.04.19. /Кабар/. Дагы башка салмак ченинде чемпиондук курду алуу планда бар. Бул тууралуу кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко маалымат жыйынында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Ошондой эле маалымат жыйынында "башка аралаш мушташ уюмдарынын атынан чыгуу оюнда барбы?" деген суроо жаңырып, спортчу келишим боюнча башка уюмдар менен иштешүүгө мүмкүндүк жок экенин белгиледи.

"UFC менен болгон келишим боюнча башка уюмдар менен иштеше албайм. UFC мушкери болсоң ошол гана уюмда чыга аласың", - деди ал.

Белгилей кетсек, UFC чемпиону Валентина Шевченко кечээ, 7-апрель күнү өзүнүн машыктыруучусу Павел Федотов менен бирге Бишкекке учуп келишкен.

Мекенине келген спортчу айым Бишкекте жана Ош шаарында күйөрмандары менен жолугушууларды өткөрөт. Бишкектеги күйөрмандары менен жолугушуусу, бүгүн "Бишкек парк" соода борборунда саат 16:00дө болору айтылууда. Ал эми эртеңки жолугушуу, Ош шаарынын борбордук аянтында саат 18:00дө болот.

Белгилей кетсек, Шевченко былтыр декабрь айында UFC чемпиондук курун жеңип алган.

Пикир

Оставить комментарий