• 87
  • 91.29
  • 0.84

Вануатудагы жер титирөөдө 14 адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 18.12.24. /Акназик Тургунбаева – Кабар/. Вануатунун борбору Порт-Вила шаарында 7,3 баллдык жер титирөө болду. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги Би-Би-Сиге таянып жазды.

Маалыматка ылайык, жер титирөө шейшемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:47де болгон. Жер титирөөдөн 14 адам каза болуп, 200гө жакын киши жаракат алган.

Вануатунун туруктуу бизнес кеңешинин төрагасы Глен Крейгдин айтымында, жер титирөөдө бир имарат толугу менен көчүп түшкөн. Анда АКШ элчилиги жана Британиянын Жогорку комиссиясы жайгашкан.

“Жер көчкүдөн алты адам каза болуп, дагы төртөө жер титирөө учурунда кулаган имаратта болгон. Каза болгон 14 адамдын экөө Кытайдын жараны экенин Кытайдын Вануатудагы элчиси Ли Минган мамлекеттик маалымат каражаттарына билдирди”,-деди ал.

Маалымат үчүн: Вануату - Тынч океандын түштүгүндөгү 80дей аралдан турган жапыз архипелаг, Фиджинин батышында жана Австралиянын түндүгүнөн миңдеген километр чыгышта жайгашкан. Вануату сейсмикалык активдүү зонада жайгашкан жана катуу жер титирөөлөргө жана башка табигый кырсыктарга дуушар болуп келет.

Пикир

Оставить комментарий