• 88.68
  • 95
  • 0.95

Вашингтондо Акылбек Жапаров менен АИИБ президенти Цзинь Лицюнь сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 19.04.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров менен Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын (АИИБ) президенти Цзинь Лицюнь ортосунда сүйлөшүүлөр болду.

КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу Вашингтондо (АКШ) өткөн Дүйнөлүк банк тобунун жана ЭВФтин жазгы жолугушууларынын алкагында өттү.

«Банк Кыргыз Республикасына өнүгүүнүн негизги багыттарында олуттуу колдоо көрсөткөн маанилүү стратегиялык өнөктөш», - деп белгиледи жыйындын башында министрлер кабинетинин төрагасы.

Акылбек Жапаров маектешине Кыргыз Республикасында бардык тармактарда жүргүзүлүп жаткан реформалар, акыркы 3 жылда жетишилген экономикалык оң натыйжалар жана өлкөнүн ийгиликтерин көрсөткөн башка маанилүү көрсөткүчтөр тууралуу айтып берди.

Министрлер кабинетинин төрагасы маектешинин көңүлүн калкты суу-энергетикалык ресурстар менен камсыз кылуу маселелерине буруп, бул көйгөй Кыргыз Республикасында гана эмес, Борбордук Азия өлкөлөрүндө да бар экенин белгиледи.

Бул контекстте, Акылбек Жапаровдун айтымында, «Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушу Кыргызстанга гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия аймагына эң жакшы натыйжа берет».

Буга байланыштуу Акылбек Жапаров АИИБнын президентин Камбар-Ата ГЭС-1нин курулуш долбоорун каржылоого катышууга чакырды.

Өз кезегинде АИИБнын президенти Дүйнөлүк банк тобу алгач 500 миллион АКШ долларын каржылай турганын жана бул долбоорду координациялоону улантаарын эске алганда, бул жагдай Камбар-Ата ГЭС-1дин олуттуулугун жана масштабын, ийгиликтин ачкычы экенин ачык көрсөтөөрүн билдирип, бул келечектүү долбоорду каржылоого катышууга банктын бекем даярдыгын билдирди.

Өз ниеттерин ырастоодо, тараптар бул маселени изилдөө үчүн эки тараптуу жумушчу топ түзүү боюнча принципиалдуу макулдашууга жетишти.

Соңунда Акылбек Жапаров АИИБ президентин үстүбүздөгү жылдын июнь айынын башында Австриянын Вена шаарында Камбар-Ата ГЭС-1 куруу жана аны андан ары ишке ашыруу үчүн финансы ресурстарын мобилизациялоо долбооруна арналган энергетикалык инвестициялык форумга катышууга чакырды.

AИИБ президенти Цзинь Лицюнь министрлер кабинетинин төрагасынын чакыруусун кубануу менен кабыл алып, аталган форумга АИИБ командасы сөзсүз катышаарына ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий