• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Велосезондун ачылышы: Бишкекте жол кыймылы убактылуу жабылат

Коом 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Бишкекте велосезондун ачылышына байланыштуу айрым көчөлөр унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 3-апрелде төмөнкү көчөлөрдө унаалардын кыймылы токтотулат:

- Саат 10:00дөн 10:25ке чейин А.Токомбаев көчөсүнүн түштүк тарабы (түштүк магистраль) Д.Асанов атындагы Жеңиш паркынан Нуркамал көчөсүнө чейин;

- Саат 10:25тен 10:50гө чейин А.Токомбаев көчөсү Нуркамал көчөсүнөн Д.Асанов атындагы Жеңиш паркына чейин.

Велосипед колоннасынын маршруту Д.Асанов атындагы Жеңиш паркынан А.Токомбаев көчөсү менен (түштүк тарабы) өтүп, Нуркамал көчөсүнө бурулуп, А.Токомбаев көчөсүнөн (түндүк тарабы) ылдый Д.Асанов атындагы Жеңиш паркына чейин барат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана маршрутту алдын ала пландап коюуну суранат.

Пикир

Оставить комментарий