Вена шаарында Камбар-Ата -1 ГЭСин куруу боюнча Координациялык донордук комитет түзүлдү

Экономика 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Австриянын Вена шаарында өткөн Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумдун жыйынтыгында Камбар-Ата -1 ГЭСин куруу боюнча Координациялык донордук комитет түзүлдү.

Координациялык донордук комитеттин курамына Дүйнөлүк банк, ОПЕК фонду, Азия өнүктүрүү банкы, Азия инфраструктуралык инвестиция банкы, Ислам өнүктүрүү банкы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана башка финансылык институттар жана уюмдар кирди.

Белгиленгендей, ошол эле учурда мүчө болууга кызыкдар тараптар үчүн комитеттин эшиги дайыма ачык.

Донордук комитеттин биринчи сессиясын үстүбүздөгү жылдын күзүндө өткөрүү чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Эл аралык энергетикалык инвестициялык форум Дүйнөлүк банк тобунун колдоосу жана Австрия өкмөтүнүн көмөгү менен Кыргызстандын министрлер кабинети тарабынан уюштурулган.

Иш-чарага 200дөн ашык эл аралык каржы уюмдарынын өкүлдөрү жана жетекчилиги, Борбордук Азия, Европа, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн делегациялары жана жеке инвесторлор катышууда.

Пикир

Оставить комментарий