• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Венада Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык иш-чаралар уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 03.09.24. /Кабар/. Австриянын Вена шаарында Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган биргелешкен салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чара Кыргызстандын Австриядагы элчилиги жана кыргыз диаспорасы тарабынан уюштурулду.

Салтанаттуу мааракеге Австрияда жашаган кыргызстандыктар, студенттер, Кыргызстан-Австрия достук коомунун мүчөлөрү, Венадагы эл аралык уюмдардын кызматкерлери катышты.

Элчи Төлөндү Макеев конокторду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, өлкөнүн учурдагы жетишкендиктери тууралуу маалымат берди. Ошондой эле ал өлкөнүн жогорку жетекчилигинин катышуусунда Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленип жатканын жана бул мааракеге карата өлкө боюнча 100 өнөр жай ишканаларынын жана маданий-социалдык объектилердин ишке киргизилгенин баса белгиледи.

"Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык жигердүү өнүгүп, Венада жайгашкан БУУ, ЕККУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагында мамилелер ийгиликтүү өсүп жатат", - деди ал.

Салтанаттуу иш-чара "Манас" эпосунан үзүндү айтуу, комуз күүлөрүн чертүү, викториналар жана улуттук оюн-зоокторду өткөрүү менен коштолду.

Ушундай эле салтанаттуу иш-чаралар, Кыргызстандын Австриядагы элчилигинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен Чехиянын Прага шаарында жана Словакиянын борборунда өттү. Майрамга карата Братиславада футбол жана волейбол боюнча мелдештер уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий