Венадагы энергетикалык форумдун алкагында бир катар документтерге кол коюлду

Экономика 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Австриянын Вена шаарында өткөн Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумдун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.

Алсак, төмөнкү документтерге кол коюлду:

  • Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан Энергетика министрликтеринин ортосундагы Камбар-Ата ГЭС-1 долбоору боюнча кызматташуу жөнүндө ведомстволор аралык макулдашуу;
  • Кемин-Балыкчы 500 кВт электр берүү линиясы» долбоорун каржылоо үчүн «Кыргызстандын электр тармактарын чыңдоого колдоо көрсөтүү» боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Кыргызстан менен Эл аралык финансы корпорациясынын ортосундагы күн энергиясын өнүктүрүү долбоорунун экинчи фазасы жөнүндө макулдашуу;
  • “Долинка” көмөкчордонун модернизациялоо” жана “Речная” көмөкчордонун реконструкциялоо” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуу.
  • КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Кытай Эл аралык Инженерлик компаниясынын энергетикалык консалтинг тобунун ортосунда энергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өз ара кызматташуу жөнүндө меморандум.

Белгилей кетсек, Эл аралык энергетикалык инвестициялык форум Вена шаарында Дүйнөлүк банк тобунун колдоосу жана Австрия өкмөтүнүн көмөгү менен Кыргызстандын министрлер кабинети тарабынан уюштурулган.

Иш-чарага 200дөн ашык эл аралык каржы уюмдарынын өкүлдөрү жана жетекчилиги, Борбордук Азия, Европа, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн делегациялары жана жеке инвесторлор катышууда.

Пикир

Оставить комментарий