Венгрия Евробиримдиктин Кеңешин жетектейт

Дүйнө 0

Бишкек, 01.07.24. /Кабар/. Европа биримдигинин Кеңешине төрагалык кылуу Венгрияга өттү.

ТАСС кабарлагандай, бүгүн, 1-июлдан тартып Венгрия Евробиримдиктин Кеңешине жарым жылдык мөөнөткө төрагалык кылуусун баштайт.

Эстафета Венгрияга Бельгиядан өткөрүп берилет. Декабрдын соңунда ротациянын негизинде аны Польша алат.

ЕБ Кеңеши Евробиримдиктин бардык 27 өлкөсүнүн министрлери отурган 10 өзүнчө тематикалык кеңештерден турган татаал структура болуп саналат. Евробиримдиктин тышкы иштер кеңеши, Экономика жана каржы кеңеши, энергетика, транспорт жана башка структуралар министрликтин функциясын да, парламенттин функциясын да аткарат. Министрлик катары ар бир ЕБ Кеңеши Еврокомиссия менен бирге өз аймактарында долбоорлорду иштеп чыгууга катышып, бекитүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Евробиримдиктин Кеңешине төрагалык кылган өлкөлөр алты ай сайын алмашып турат. Төрага ар бир кеңештин ай сайын пландалган жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү, ошондой эле зарылчылыкка жараша шашылыш жыйындарды чакыруу, алардын күн тартибин бекитүү жана мүчө өлкөлөрдүн позициялары айырмаланган учурда консенсус издөөгө көмөктөшүү милдетин аткарат.

Пикир

Оставить комментарий