• 87
  • 90.41
  • 0.84

Венгрияда Кыргызстандын элчилиги негизделди. Жарлыкка Жапаров кол койду

Президент 0

Бишкек, 09.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Венгриядагы элчилигин уюштуруу жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө жана «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин 10-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасы менен Венгриянын саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүүнү камсыздоо максатында токтом кылынат:

Будапешт шаарында жайгаштыруу менен Кыргыз Республикасынын Венгриядагы элчилигин уюштуруу.

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине:

— Кыргыз Республикасынын Венгриядагы элчилигинин ишин уюштуруучулук жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин чечүү;

— өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирүү.

Пикир

Оставить комментарий