• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

«Vertex Gold Company» ЖЧКнын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.02.21. /Кабар/. Бүгүн, 24-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары «Vertex Gold Company» ЖЧКнын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түздү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Тариел Жоробеков билдиргендей, депутаттык комиссия айлана чөйрөнү коргоо маселелерин, өндүрүш процессинин коопсуздугу жана айлана-чөйрөгө таасири көйгөйлөрүн текшерет.

Комиссиянын курамына кирген депутаттар:

- СДПК фракциясынан: Альфия Самигуллина, Нодирбек Коримов, Максатбек Эгембердиев, Чынара Урумкалиева;

- “Республика – Ата-Журт” фракциясынан: Тариел Жоробеков, Сагындык Келдибаев, Арзыбек Карыбеков;

- “Кыргызстан” фракциясынан: Азизбек Турсунбаев, Байгазы Кенжебаев;

- “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан: Осмон Турдумамбетов;

- “Бир Бол” фракциясынан: Эрмамат Тагаев;

- “Ата Мекен” фракциясынан: Сайдулла Нышанов.

Эскерте кетсек, «Vertex Gold Company» ЖЧКнын негизги ишмердүүлүгү - баалуу (асыл) металл рудаларын казып алуу жана иштетүү.

Компания Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Жамгыр алтын кенин иштетүү менен алектенет.

Пикир

Оставить комментарий