• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ветеринардык кызмат 102,3 млн сомго вакцина сатып алат

Коом 0

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат ветеринария үчүн вакциналарды сатып алууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, вакцина сатып алууга пландалган сумма 102 млн 334 миң 770 сомду түзөт. Ал эми конкурстук табыштамаларды 22-февралга чейин берүү зарыл.

Шарп, чечек, күйдүргү (сибирь жарасы), чума (кара тумоо) жана башка ооруларга каршы вакцина сатып алуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий