• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Ветеринардык кызмат объекттерди текшерүүдө 1,3 млн сом айып салды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.10.24. /Кабар/. Ветеринардык кызмат объекттерди текшерүүдө 1,3 млн сом айып салды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, өлкө боюнча ветеринардык кызматтын көзөмөлүнө тиешелүү болгон 73 миң 242 объект катталган. Орточо эсеп менен алганда бир инспекторго 75 объект туура келет.

Экономика жана коммерция министрлиги менен 2024-жылдын 3-кварталына 1290 субъект пландык текшерүүгө макулдашылган. Анын ичинен 1100ү текшерилип 300 көрсөтмө берилип, 1 млн 304 миң сом айып салынган.

Министрлик эми 2024-жылдын 4-кварталына "проверкакж" электрондук порталына 1568 субъект киргизилип, макулдашылганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий