• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

VI "Ак Илбирс" Улуттук кино сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Маданият 0

Бишкек, 15-апрель /Кабар/. Кечээ, 14-апрелде Манас кинотеатрында “АК ИЛБИРС” Улуттук кино сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Сыйлыктын лауреаттары:

1. «Мыкты тасма» - "Атанын керээзи" реж. Бакыт Мукул, Дастан Жапар уулу

2. «Мыкты режиссер» - Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу ("Атанын керээзи ")

3. «Мыкты сценарий» - " Атанын керээзи " реж. Бакыт Мукул, Дастан Жапар уулу

4. «Мыкты оператор» - Акжол Бекболотов ("Атанын керээзи ")

5. «Мыкты сүрөтчү» - Урмат Осмоев (“Атанын керээзи ")

6. «Мыкты композитор» - Мурзалы Жээнбаев ("Мунабия")

7. «Мыкты үн режиссеру» - Калыбек Шерниязов ("Мунабия")

8. «Мыкты монтаж» - Актан Рыскелдиев -(«Атанын керээзи»)

9. «Мыкты эркек ролу» - Иман Мукул ("Атанын керээзи ")

10. «Мыкты аял ролу» - Мээрим Атантаева ("Мунабия")

11. «Мыкты даректүү тасма» - "Весной мои мечты сбудутся" реж. Аман Ажымат

12. «Мыкты кыска метраждуу тасма» - "Олжо" реж. Болсунбек Таалайбек уулу

13. «Мыкты көрүүчүлүк тасма» - "План Б" (MBPRO studio)

14. “Улуттук кинематографияга кошкон салымы үчүн” “Ак Илбирс” атайын сыйлыгы - Мар Ташимович Байджиев (Эл жазуучусу, Кыргыз ССР искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Кыргызстан Улуттук киноакадемиясынын академиги, ардактуу профессор, СССР кинематографиясынын отличниги)

15. «Борбор Азиянын мыкты тасмасы» - "Энеге карай жол" реж. Акан Сатаев (Казакстан)

16. «Борбор Азиянын мыкты актрисасы» - Феруза Саидова, "Подробности осени" тасмасы (Өзбекстан)

17. «Борбор Азиянын мыкты актеру» - Баходур Миралибеков, "Сон обезьяны" тасмасы, (Тажикстан)

18. “Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн” “Ак Илбирс” атайын сыйлыгы - Ходжакули Нарлиев (Советтик, түркмөн кинорежиссёру, сценарист жана кинооператор. СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, «Ника» Россия кинематографиялык искусство Академиясынын Президиумунун мүчөсү ).

Пикир

Оставить комментарий