Бишкек, 10.05.21./Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясында кайрадан кадрдык өзгөрүүлөр болду.
Шаардык мэриянын маалымат кызматынан кабарлашкандай, Виктория Мозгачева кайрадан борбор калаанын социалдык маселелер боюнча вице-мэри болуп дайындалды, буга чейин аталган кызматты Айжан Чыныбаева ээлеп келген.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койду.
Пикир
Оставить комментарий